Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев №1 тергөө абагына которулуп, бирок ал жактагы шарт начар болгондуктан ачкачылык жарыялады. Маалыматты адвокаты Сергей Слесарев Sputnik Кыргызстанга тастыктады.
Атамбаев буга чейин УКМКнын тергөө абагында болчу.
"Биз Алмазбек Шаршеновичке медициналык кызмат көрсөтүү үчүн аны №47 абакка которууну өтүнгөнбүз. Бирок эмнегедир аны №1 тергөө абагына которуп салышты. Анысы аз келгенсип, мурда өлүм жазасына өкүм чыккандар кармалчу жер төлөгө киргизип коюптур. Ал жерде канализация иштебейт, ары жакта бир нерсени оңдоп жатышабы, камеранын эшиги ачык турат. Бүгүн гана жылуулук берилди. Мындай шарттан улам Алмаз Шаршенович бүгүн ачкачылык жарыялады", — деди Слесарев.
Мурдагы президент кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевди абактан бошоткон деген айып менен 11 жылга кесилген. Ал, мындан тышкары, 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча айыптуу катары саналууда.
Алмазбек Атамбаевди элдик толкундоодон кийин 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үйдү басып алгандан кийин УКМКнын тергөө абагынан чыгарышкан. 10-октябрда Бишкектеги массалык башаламандыкты уюштурду деген кылмыш ишинин алкагында кайра кармашкан.