ЖМК: Айдар Акаевдин өлүмүнүн себеби белгилүү болду

26 октября 2020 ЖМК: Айдар Акаевдин өлүмүнүн себеби белгилүү болду

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин улуу баласы Айдар Акаев алкоголго жана баңгизатка ууланып көз жумган. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактарына таянып Россиянын “Пятый канал” телеканалы билдирди.

Эскерте кетсек, Айдар Акаев 5-февраль күнү каза болгон. Анда маркумдун жүрөгү токтоп калганы айтылган болчу. Акаевдин сөөгү Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө жерге берилген. 

Телеканалдын маалыматы боюнча, жарым жылдан кийин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар өлүмгө алкоголь менен кокаиндин аралашмасынан кийинки уулануу себеп болгонун айткан. Текшерүү дал ушул нерсе жүрөктүн токтоп калышына алып келгенин аныктаган.

Белгилей кетсек, Айдар Акаев улуу бир тууганы Бермет Акаева экөө 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланышкан. Бирок "жоогазын" революциясынан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, тунгуч президенттин үй-бүлөсү өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Учурда Москва шаарында жашап келишет.

sputnik