Балбак Түлөбаев президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп келди

26 октября 2020 Балбак Түлөбаев президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп келди

Президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп Балбак Түлөбаев келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Түлөбаев өзү билдирди.

“Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеттим. Себеби мага башка жумуш сунушталды. Президенттин иш башкармалыгына бармай болдум”, - деди ал.

Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган. Бирок анын отставкасын эч ким кабыл алган эмес.

Эске салсак, мындан бир нече ай мурда, тагыраагы, 27-июлда, Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган эле. Ага чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп турган.

Түлөбаев 2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында жетекчинин кеңешчиси жана биринчи орун басар болуп да иштеген.

sputnik