Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди

26 октября 2020 Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди

Нариман Түлеев өзүнүн биринчи вице-мэр жана мэрдин милдетин аткаруучулуктан кетүү боюнча жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан бидиришти.

"Биз, Бишкек шаарынын мэриясы, учурда калаа жетекчисинин милдетин мыйзамдуу түрдө аткаруучу болуп вице-мэр Нариман Түлеев эсептелерин расмий билдиребиз. Аны 21-октябрь күнү отставкага кеткен мурдагы жетекчи Азиз Суракматов дайындаган", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары өзүн-өзү мэр деп алгандарды тааныбайт.

Ошондой эле шаар жетекчилигинен, мыйзамга ылайык, муниципалдык кызматкер арыз жазгандан тарта, эгер жетекчилиик ага кол кое элек болсо, үч күндүн ичинде чечимин өзгөртсө болорун кошумчалашты.

"Түлеевди кызматтан бошотуу боюнча чечим бүгүнкү күндө жок. Андыктан ал юридикалык жактан дагы, факты түрүндө дагы биринчи вице-мэр боюнча калат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 21-октябрда Бишкек шаардык мэриясынын алдына Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышын мыйзамсыз деп эсептегендер митингге чыгып, анын тарапташтары менен чатакташа кеткен.

Анын эртеси Наримин Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан да, вице-мэрликтен да баш тартып арыз жазган.

sputnik