Миллиондор... Хабиб Гэтжини жеңгени үчүн канча акча алганы айтылды

26 октября 2020 Миллиондор... Хабиб Гэтжини жеңгени үчүн канча акча алганы айтылды

Жастин Гэтжини жеңген Хабиб Нурмагомедов 6 миллион доллардан ашык акча алды деп жазган The Sports Daily.

Ага 50 миң доллар беттешке чыкканы үчүн бонус катарында, ал эми 40 миң UFC боюнча ар кыл иш-чараларга катышканы үчүн берилген. Белгиленген суммага акы төлөнгөн жеке трансляциялар менен башка спонсорлук каражаттар кирбейт.

ЖМКнын маалыматына караганда, Гэтжи беттеште 440 миң доллар тапкан. Бул расмий сумма эместиги, аталган акча алдын ала айтылган каражат экендиги белгиленген.

Эске салсак, UFC 254 турниринин алкагында Нурмагомедов атаандашы Гэтжини жеңип, аталган уюмда рекорд коюп 29 ирет жеңген да, спорттон кетүүнү жар салган.

sputnik