Картаюуну жайлатуунун дагы бир жолу табылды

26 октября 2020 Картаюуну жайлатуунун дагы бир жолу табылды

Алып баруучу жана дарыгер Александр Мясников организмди карытпай турууга жардам берген ыкманы атаганын РИА Новости жазды.

Анын айтымында, адам дайыма бир нерсени үйрөнүп турушу зарыл. Анткени билим алуу мээдеги нейрондорду жаңылап, организмдин картайышын кечеңдетет.

Мясников окурмандарга тил өздөштүрүүнү жана дене тарбиялык оор көнүгүүлөрдү аткарууну сунуштаган.

"Жасаңыз, аракет кылыңыз, жаңы нерсени үйрөнүңүз! Картайбайм десеңиз өзгөрүүлөрдөн коркпоңуз", — деген дарыгер.

Буга чейин Гарвард университетинин (АКШ) адистери карылыкты кечеңдеткен 10 азыктын тизмесин жарыялаган эле.

sputnik