Ош облусунда оор жүк ташуучу унаа менен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа кагышты.
Кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram каналына жарыяланды.
Анда көрүнүп тургандай, жүк ташуучу унааны катуу сүзгөн портер талкаланып калган.
Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаевдин айтымында, кырсык 23-октябрь күнү саат 11:00дөр чамасында Ош — Араван унаа жолунун 11-чакырымында болгон.
"Араван районунун 29 жаштагы тургуну Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаа менен Ош шаарын көздөй келе жаткан. Ал эми Renault үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын 45 жаштагы айдоочусу Араванды карай бараткан. Эки машина жолдун 11-чакырымына келгенде кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген", — деди Теңизбаев.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө органдары тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалды.