Макгрегор эзелки атаандашы Нурмагомедовдун Гэтжи менен беттеши боюнча үн катты

26 октября 2020 Макгрегор эзелки атаандашы Нурмагомедовдун Гэтжи менен беттеши боюнча үн катты

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC 254 турниринин алкагындагы Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин кармашын мыкты деп атады.

Бүгүн түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды.

"Мыкты кармаш. Мен сенин ишиңди улантам. Дагы бир ирет атаңа сый-урматымды билдирип, жакындарыңа жана сага көңүл айтам", — деп жазган Макгрегор Twitter баракчасына.

Эске салсак, 2018-жылы ирландиялык мушкер Нурмагомедовго утулуп калган. Анда дагы россиялык спортчу муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган. Ошондон бери Макгрегор ага социалдык тармактан көп ирет сын айтып жүрүп, кийинчерээк сый мамилеге өткөн.

Хабиб бел курун сактап калгандан кийин бул анын акыркы кармашы болгонун жар салды. Бул убаданы апасына атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон кийин бергенин айтты.

sputnik