Майып балдарга эми "жеке ассистент" жалданып, ага айлык төлөнөт

29 ноября 2018 Майып балдарга эми "жеке ассистент" жалданып, ага айлык төлөнөт

Жаңы кызматтын негизги максаты — майып балдары бар ата-энелерге колдоо көрсөтүү.

Кыргызстанда ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга "жеке ассистент" жалданып, ага айлык төлөнөт. Бул тууралуу жобого кол коюлгандыгын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жобо майып балдары бар ата-энелерге колдоо көрсөтүү максатында "жеке ассистент" кызматын ишке ашырууга шарт түзөт.

"Жеке ассистентти" майыптыгы тууралуу медициналык-социалдык комиссиянын маалымкаты бар балага жалдоого болот. Ал балага ар тараптан жардам берип, мээримдүү болууга милдеттүү.

Майып балага ким "жеке ассистент" боло алат?

— ата-энеси;

— мыйзамдуу өкүлү (багып алган ата-энеси, камкорчу);

— чоң ата, чоң энеси, таята, таенеси, бир туугандары жана туугандары.

Бул кызматты көрсөткүсү келген адам өзү жашаган аймактагы социалдык коргоо башкармалыгына арыз менен кайрылуусу керек. Ал үчүн жарандын паспорту, банктагы эсеби тууралуу маалымат жана психикалык дарты жоктугу жөнүндө медициналык бүтүм талап кылынат.

"Жеке ассистентти" Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмү атайын келишимдин негизинде бир жылга жумушка алат.

Бул кызмат көрсөтүүнүн бир түрү болгондуктан, жаран патент жана камсыздандыруу полисин алуусу шарт.

Ал эми оорулуу балага жардам көрсөткөн адамга канча айлык төлөнөрү боюнча айтылган жок.



Дагы: sputnik.kg, фото - © AP Photo / Marko Drobnjakovic