23 октября 2020
Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууда түндөн бери кар жаап жатат.
Ашуудан тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.
Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, түнкү саат 03:00дөн бери Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларына бийиктиги 5-10 сантиметрге жеткен кар түштү.
Таңкы саат 05:00дөн бери жолчулар трассаны тазалап жатышат. Учурда жол ачык.
Министрлик айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, чынжыр алып жүрүүгө чакырды. Ошондой эле унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы керектигин эскертишти.