Президентке кеңешчи болгон Айдарбеков элге кайрылып сунуш берүүгө чакырды

23 октября 2020 Президентке кеңешчи болгон Айдарбеков элге кайрылып сунуш берүүгө чакырды

Президентке кеңешчи болгон мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды берүүгө чакырды.

Алгач ал элдин колдоосуна ыраазычылыгын билдирип, өмүрүнүн 22 жылдан ашык убактысын мекенге кызмат кылууга арнаганын белгилеген.

"Бүгүн биздин өлкө оор абалда. Ушундай учурда мекениме жардам берүү үчүн бардык билимимди, тажрыйбамды, эл аралык байланыштарымды жумшоону милдетим деп эсептейм. Эл үчүн ишимди улантууга мүмкүнчүлүк берген урматтуу Садыр Нургожоевичке ыраазымын. Мен тышкы саясаттагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана союздаштарыбыз, өнөктөштөрүбүз менен ишенимдүү мамилелерди калыбына келтирүүгө басым жасоону пландап жатам", — деп жазган Айдарбеков.

Аны менен катар дипломат көз карандысыздыкка жетишкен дээрлик 30 жылда таланттуу, шыктуу, акылдуу, келечектүү жаштардын бүтүндөй мууну өсүп чыкканын белгиледи.

"Эл эртең эмес, бүгүн жакшы жакка өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Өлкөнүн өнүгүшүн көздөгөн сунуштарды киргизиңиздер", — деп кайрылды Айдарбеков.

Мындан сырткары, ал тышкы иштер министри болуп турганда жасаган иштерине токтолуп, түздөн-түз чет элдик инвестицияларды тартууга жана экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө көп көңүл бурганын, эл аралык аренада бардыгы менен өз ара пайдалуу жана бирдей, тең мамиле түзгөнүн билдирди. Ал иштеринин жыйынтыгы жана мерчемделген кадамдары туурасында жакын арада баяндама жасай турганын айтты.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айдарбеков кечээ, 22-октябрда, президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалган.

sputnik