Нурлан Мотуев күчөтүлгөн тартиптеги абактан чыкты

29 ноября 2018 Нурлан Мотуев күчөтүлгөн тартиптеги абактан чыкты

Чуулгандуу окуялары менен белгилүү болгон активист Нурлан Мотуев күчөтүлгөн тартиптеги №27 түзөтүү колониясынан чыкты. Анын мындан аркы жазаcы кайсы түрмөнүн карамагында өтөлө тургандыгы 10 күндөн кийин чечилет. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы маалымдады.

2017-жылдын декабрь айында Биринчи май райондук соту жатак абагында жазасын өтөп жаткан Нурлан Мотуевди күчөтүлгөн режимдеги камакка алууга өкүм чыгарган. Мындай соттун чечимине Мотуев жатак абагындагы жаза өтөөнүн эрежелерин бузгандыгы себеп болгон. Нурлан Мотуев ага чейин №32 жатак абактын карамагында жазасын өтөп жаткан.

2017-жылы августта Бишкектин Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевди жети жылга эркинен ажыраткан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага "Терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо" жана "Улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоп, 13-майда кармаган.

2017-жылдын декабрь айларында Интернетте Нурлан Мотуевдин №32 жатак абактын башчысы Тимур Анаркуловдун дарегине жагымсыз сөздөрдү айтып, аны жекеме-жеке мушташууга чакырган видеосу тараган. Мушташты болсо ал Интернеттен онлайн аркылуу көргөзүп, реалити-шоу уюштурууну сунуш кылган. (TSh)

 

Булак: azattyk.org