23 октября 2020
Өлкөдө акыркы суткада 582 кишиден коронавирус табылды, ал эми ооруну 324 бейтап жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек — 63;
- Ош — 59;
- Чүй облусу — 81;
- Ош облусу — 127;
- Талас облусу — 17;
- Нарын облусу — 7;
- Ысык-Көл облусу — 29;
- Жалал-Абад облусу — 86;
- Баткен облусу — 113.
Марттагы пандемиядан бери 54 588 киши коронавируска кабылды.
Ал эми COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда төмөнкүдөй:
- Бишкек — 25;
- Ош шаары — 49;
- Чүй облусу — 25;
- Ош облусу — 101;
- Нарын облусу — 5;
- Ысык-Көл облусу — 10;
- Жалал-Абад облусу — 61;
- Баткен облусу — 48.
Жалпысынан коронавирустан айыккан кыргызстандыктардын саны 47 050гө жетти.
Учурда стационарда 3 139 бейтап дарыланууда, ал эми 2 719 киши амбулатордук түрдө жардам алып жатат.