Кытай: өспүрүмдүн бою 2 метрден ашып, өскөнү дагы деле токтой элек. Видео

23 октября 2020 Кытай: өспүрүмдүн бою 2 метрден ашып, өскөнү дагы деле токтой элек. Видео

Кытайдын жашоочусу Рен Кейюнун бою 14 жаш курагында 221 сантиметрге жетти, бирок өскөнү токточудай түрү жок. Бул туурасында The Sun басылмасы жазды.

Видео

Бала Гиннестин китебине катталып, "дүйнөдөгү эң узун өспүрүм" наамын алуу үчүн арыз берген. Өзүнүн айтымына караганда, мындай артыкчылыкка генетика себепкер. Туугандарынын баарынын бою узун, бала кезинде курбалдаштарынан кыйла эле бойлуу болгон.

Дарыгерлер Кейдин ден соолугун бир нече ирет текшерип, эч кандай оору тапкан эмес. Үчкө чыкканда 160 сантиметр, ал эми 11 жашында 206 сантиметр болгон.

Рен тез өсүп бара жаткандыктан, мектепте отурган партасы менен формасын жыл сайын алмаштырууга туура келет. Балдар аны кытайлык баскетболчуга окшоштуруп, тамашалап "кичинекей Яо Мин" деп атап коюшкан. Ал спортчунун бою 229 сантиметр. Бирок Кейдин баскетбол менен алектенүү ниети жок, буга май тамандыгы менен кемирчек сөөктөрүндөгү шишик жол бербейт.

sputnik