“Атамбаевсиз КСДП” жыйынында чыр чыкты

29 ноября 2018 “Атамбаевсиз КСДП” жыйынында чыр чыкты

28-ноябрда Свердлов районунда “Атамбаевсиз КСДП” жыйыны өтүп жаткан жерге парламент депутаты Ирина Карамушкина барып, чогулгандарга конференция мыйзамсыз өтүп жатканын билдирген.

Залда чогулгандар менен кайым айтышуу болгон видео тасманы vb.kg интернет-сайты жарыялады. Анда депутат жыйын өткөрүп жаткандардан партиялык билеттерин көрсөтүүнү талап кылып, КСДПнын борбордук аппаратынын уруксаты менен гана чогулуштарды өткөрүүгө боло турганын айтты.

Залда чогулгандар Ирина Карамушкинаны чыгып кетишин талап кылып, алар партиянын мүчөлөрү экенин жана жыйындар мыйзамдуу өтүп жатканын айтышты.

“Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын башчысы Сагынбек Абдрахманов жер-жерлерде жыйындарды өткөрүп жүрөт. Буга чейин КСДП "Сагынбек Абдрахманов саясий кеңештин чечими менен былтыр партиянын катарынан чыгарылган" деген маалымат тараткан. 

 

Булак: azattyk.org