Жээнбеков Коррупцияга каршы кызматты эмнеге жойгон? Вице-премьердин пикири

21 октября 2020 Жээнбеков Коррупцияга каршы кызматты эмнеге жойгон? Вице-премьердин пикири

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Сооронбай Жээнбековдун өлкө башчылыктан кетип жатканда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматын жоюп салгандыгы боюнча өз пикирин айтты.

Анын айтымында, жаңы өкмөт УКМКнын аталган кызматы жоюлгандыгы тууралуу эртеси күнү билип калган.

"Баарыбыз түшүнүп тургандай, айрым органдарды архивдин же документтердин ордун которуп салуу үчүн жаап коюшат. Бирок мынчалык кыска убакытта көп нерселерди жок кылып салууга жетишпесе керек. Бул жарлыктын кесепети анча катуу болгон жок, анткени бир түн ичинде бардыгын жок кылып салуу мүмкүн эмес. Эртеси күнү кызмат толугу менен калыбына келтирилди", — деди ал.

Вице-премьер бардык жетекчилерге "мындан ары ушул сыяктуу "сюрприздер" болуп кетпеши үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн" кошумчалады.

Эске салсак, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшыруунун алдында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жойгон жарлыкка кол койгон. Бул тууралуу "Эркин-Тоо" мамлекеттик гезитине жарыяланган, бирок кийин ал документ жокко чыгарылып, кызмат ишин улантууда.

sputnik