21 октября 2020
Эркинбек Чодуев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.
Билдирмеге ылайык, аталган жарлыкка мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.
"КР Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө "КР өкмөтү жөнүндө", КР конституциялык мыйзамдын 24-беренесинин 1-4-бөлүгүнө ылайык, Чодуев Эркинбек Урайымовичтин кызматтан кетүү жөнүндөгү өтүнүчү кабыл алынып, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматынан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.
Чодуев Айыл чарба министрлигин 2019-жылдын май айынан бери жетектеп келген.