Башкы прокуратура: Атамбаев, Шадиев сыяктуулар өлкөгө 13,6 млрд. сом зыян келтирген

21 октября 2020 Башкы прокуратура: Атамбаев, Шадиев сыяктуулар өлкөгө 13,6 млрд. сом зыян келтирген

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-депутат Аскар Шадиевдин коррупция, мыйзамсыз баюу, кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча иштери тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

"Башкы прокуратуранын ведомстволор аралык төргөө тобу менен УКМК Жазык кодексинин 319 ("Коррупция") жана 215-беренелери ("Кылмыштуу кирешелерди адалдоо") менен айыпталып жаткан Алмазбек Атамбаев жана Аскар Шадиевге карата ишти тергеп бүттү", — деп айтылат билдирүүдө.

Кеп төмөнкү иштер тууралуу болуп жатат:

  • Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупциялык иштерде мамлекетке 5 439 527 482 сом зыян келген;
  • 225 миллон сом өлчөмүндөгү кылмыштуу кирешелерин адалдоо жана 323,7 миллион сомго кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк  сатып алуу жолу менен менен мыйзамсыз баюу;
  • Жалал-Абад облусундагы "Терек" сурьма кенинин "Южный" участогун, №17 блогун мыйзамсыз ээлеп алуу. Ал жакта сурьманын (7231 тонна), алтындын (265 килограмм) жана күмүштүн (4246 килограмм) жалпы 8 миллиард 255 миллион 146 миң сомдук запасы бар.

Мындай жол менен Атамбаев, Шадиев жана ошол кездеги бир катар кызмат адамдары мамлекетке 13,6 миллиард сом зыян келтиргени айтылат.

sputnik