Жогорку Кеңештин депутаттары башкы прокурор кызматына кесиптеши Курманкул Зулушевдин талапкерлигин сунуштайт. Бул туурасында ЖК депутаты Талант Мамытов журналисттерге билдирди.
Анын талапкерлигин көрсөтүү бүгүнкү жыйында каралат. Жогорку Кеңештин депутаттары учурда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жыйынга чогулду. Анда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкуланат.
Буга чейин Башкы прокуратураны Өткүрбек Жамшитов жетектеп келген.
Зулушев Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Республика — Ата-Журт" партиясынан депутат болуп келген. Ага чейин прокуратура жана сот органдарында эмгектенген. 2013-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп кармалган саясатчылар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин карап актап чыгарган. Андан көп өтпөй эле кызматтан алынган болчу.