Кыргызстанда "Элечек жумалыгы — 2020" иш-чарасы башталды

21 октября 2020 Кыргызстанда "Элечек жумалыгы — 2020" иш-чарасы башталды

Кыргызстанда "Элечек жумалыгы — 2020" иш-чарасы башталды. Бул тууралуу уюштуруучу Айжан Акылбекова билдирди.

Анын айтымында, мындай жумалык үчүнчү ирет өтүп жатат.

"Саамалыктын максаты — салттуу баш кийим болгон элечекти күнүмдүк жашоого киргизүү. Жумалыкка 35 аял катышып жатат. Биз аларга элечек ороп беребиз жана аны ошол бойдон белек кылабыз. Алар салттуу баш кийимди бир жума бою башынан түшүрбөй кийип жүрүшөт", — деди Акылбекова.

Жумалыкка Бишкек шаарынан, Ош облусунун Кара-Суу районунан, Баткен облусунун Лейлек районунан, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан, Жети-Өгүз районунан, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан жана Москва, Абу-Даби шаарларынан аялдар катышмакчы.

sputnik