Түркияда эң ылдам учкан көгүчкөндүн ээси "алтын кур" тагынды

21 октября 2020 Түркияда эң ылдам учкан көгүчкөндүн ээси "алтын кур" тагынды

Түркияда эң ылдам учкан көгүчкөн аныкталып, анын ээсине сыйлык катары "алтын кур" тагылды. Бул тууралуу "Анадолу" агенттиги жазды. 

Маалыматка ылайык, Түркиянын түндүк-чыгышындагы Эдирне провинциясында салтка айланган көгүчкөндөр жарышы өткөн. Ага Түркия жана Болгариядан жалпысынан 1 172 канаттуу катышкан.

Эрежеге ылайык, Болу провинциясынын Гереде районунан учурулган көгүчкөндөр 500 чакырым аралыкты басып өтүп, Эдирнедеги Караагаж районуна чейин учуп келиши керек болчу.

Жергиликтүү жашоочу Манис Юнус Ташчы таптаган көгүчкөн биринчи болуп 7 саат 20 мүнөттө келген. Жеңүүчүнүн ээсине "алтын кур" жана кубок тапшырылган.

Бурсанын жашоочусу Озкан Эймен баккан канаттуу экинчи келсе, стамбулдук Ахмед Жавдардын көгүчкөнү үчүнчү болуп марага жетти.

Уюштуруучулар марага келген алдыңкы 30 көгүчкөндүн ээлерин да баалуу белек менен сыйлаган.

sputnik