Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров Al Jazerra телеканалына берген интервьюсунда мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирүү үчүн эч ким коркутпаганын билдирди.
Журналист Жапаровго "Сизди бийликти коркутуу жолу менен басып алды деп айыптап жатышат, буга кандай жооп бересиз?" деген суроо узаткан.
"Мени бийликке коркутуу жолу менен келди деген туура эмес. Эгер андай жолго барганыбызда, жок болуп кеткен президент Жээнбеков кайра келмек эмес. Биз аны чакырып "келиңиз, баарын укуктук талаада жасайлы, бирок өлкөнү мындан ары башкарууга моралдык укугуңуз жок" дедик. Анын колу-бутун эч ким кайрыган жок. Бардыгы сүйлөшүү жолу менен аяктады", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле айрым адамдар анын тарапташтары таш ыргытып жатат деген жалган маалыматтарды атайылап таратканын белгиледи.
"Аянтта менин гана тарапташтарым болгон жок. Анда башка күчтөрдүн адамдары дагы жүрдү. Биз болгону баарыбыз бириктик. Биринчиден, эл парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыкты. Экинчиден, алар президенттин отставкасын талап кылышты. Эч ким эч кимдин колу-бутун кайрыган жок. Бардыгы мыйзам чегинде өттү. Эгер алар качып кетип келбей коюшканда, укутук талаага кайтып келиш үчүн бизге бир жыл убакыт керек болмок. Экономикалык жактан көйгөйлөр жаралмак. Бардыгы кудай жалгап 10 күндө аяктады. Биз алдыга жылабыз, 2005 же 2010-жылдагы окуялар кайталанбайт", — деди Жапаров.