Садыр Жапаров аны криминал колдоп жатат деген кептерге жооп берди

20 октября 2020 Садыр Жапаров аны криминал колдоп жатат деген кептерге жооп берди

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Al Jazerra телеканалына маек курду.

"Разговор с..." деп аталган берүү 19-октябрда эфирге чыгып, телеканалдын YouTube каналына дагы жарыяланды.

Маек учурунда Жапаров өзү башында турган жаңы бийлик алдына кандай тапшырмаларды койгонун айтып берген. Анын алкагында коррупцияга каршы күрөшүү, кадрдык системадагы өзгөрүүлөр жана Кыргызстандын келечеги тууралуу пландарын ортого салган.

Ал эми журналисттин криминал менен байланышы туурасында берген суроосуна Жапаров "бул оппоненттер уюштурган кара пиар" деп жооп берген.

"Мени криминал колдоп жатканын айтышууда. Бул менин оппоненттеримдин кара пиары. Алар ушак таратып, элдин көңүлүн жаман нукка бурууну көздөп жатышат. Бул жөн гана сөз. Менин криминалга эч кандай тиешем жок", — деп айткан маегинде.

Ошондой эле ал мамлекетти криминалдардан тазалоо үчүн бар күчүн жумшай турганын кошумчалаган.

sputnik