Финпол ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салды

20 октября 2020 Финпол ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салды

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Билдирүүнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) тастыктады.

Азырынча Жумалиевге мындай чара кайсы иш боюнча колдонулганы айтыла элек.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын май айында Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 323 ("Мыйзамсыз баюу") жана 324-беренеси ("Кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу") боюнча иш катталган. Анын алкагында Жумалиевге карата Финпол сотко чейинки өндүрүш ачып, мүлкүн териштире баштаган болчу.

Көп өтпөй бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн уставдык капиталында Жумалиевдин үлүшү бар экени белгилүү болгон. Ошондой эле ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналары ачыкталган. Мындан тышкары, Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.

Ошол кезде Финполдун азыркы жетекчиси Сыймык Жапыкеев Кубанычбек Жумалиевди мыйзамсыз баюу боюнча айыптап жүргөн.

sputnik