20 октября 2020
УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду кармап келе жаткан учурдагы сүрөттөрдү жарыялады.
Кадрларда анын колуна кишен салып, андан соң бир нече адам коштоп басып келе жатканын көрүүгө болот.
УКМК бүгүн түшкө чейин Райым Матраимовду кармаганын айтып, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү жүрүп жатканын кошумчалаган. Ал бажы тармагындагы коррупция фактысы боюнча кармалды.