20 октября 2020
Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга маалымат булагынан билдиришти.
Андан мурда шаар мэри Азиз Суракматовдун кызматтан кетери белгилүү болгон.
Бүгүн Бишкек мэриясында вице-мэрлер алмашып, биринчи орун басарлыкка Нариман Түлеев келген эле.
Эске салсак, мэрди шаардык кеңеш дайындайт. Талапкерди фракциялар, Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы жана премьер-министр сунуштай алат.
Ал эми мэр кызматтан кеткенде, биринчи-вице мэр анын милдетин аткаруучу болуп калат.
Түлеев 2008-2010-жылдары шаар башчысы болуп иштеген.