20 октября 2020
Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салынганын Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматта эгер ал чет өлкөгө чыгууга аракет кылса кармала турганы айтылат. Азырынча мурунку өкмөт башчыга кайсы иштин негизинде тыюу салынып жатканы белгисиз.