Мамбеталиев президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болду

19 октября 2020 Мамбеталиев президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болду

Мирбек Мамбеталиев КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тиешелүү буйругу Юстиция министрлигинин сайтына 12-октябрда жайгаштырылган. Бул убакта мамлекет башчы отставкага кете элек болчу.

Ал эми дагы бир буйрук менен жогорудагы кызматты ээлеп турган Нурбек Мамбетакунов өз арызы менен бошотулган.

sputnik