БШК мүчөсү жетекчиликке карата кылмыш ишин козгоону талап кылмакчы

19 октября 2020 БШК мүчөсү жетекчиликке карата кылмыш ишин козгоону талап кылмакчы

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова БШКнын жетекчилигине иш козгоо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылууну пландап  жатат.

Билдирүүсүн Абдрахматова Facebook баракчасына жарыялаган. Sputnik Кыргызстан айрым жерлерин тактап көрдү. Абдрахматова 6-7-октябрь күндөрү эле БШК толук курамы менен отставкага кетиши керек деп айтканын эске салды.

“Азыркы курам шайлоо процессиндеги мыйзам бузуунун өзөгү болуп, элдин ишеничинен кетти. Башкы прокурорго да жазылып, шайлоодогу мыйзам бузулган учурлар боюнча жетекчиликке карата иш козгоо зарылдыгын айтам”, — деди Абдрахматова.

Ал “Прокуратуранын айрым конституциялык укуктары тууралуу” конституциялык мыйзамдын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктуна таянууда. Анда башкы прокурор БШК төрагасына иш козгоого укуктуу экени айтылган.

“Президенттик квота менен келген БШКнын төрт мүчөсүн кайра чакыртып алуу өтүнүчү менен президенттин милдетин аткаруучуга кайрылайын деп турам. Алардын ордуна жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн сунуштайм. Ошондо мени кошкондо БШКнын курамындагы беш киши алмашат”, — деди Абдрахматова.

Ал 16-октябрда кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын, эми анын отставкасын Жогорку Кеңеш кабыл алышы керектигин кошумчалады.

sputnik