19 октября 2020
Жапыкеев Сыймык Асылбекович 1977-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган.
Сыймык Жапыкеев — юстициянын 2-класстагы кеңешчиси, подполковник.
Билими:
- 2000 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2001 – 2002 — Түп райондук прокуратурасында стажер-тергөөчү;
- 2002 – 2004 — Ак-Суу райондук прокуратурасында ага тергөөчү;
- 2004 – 2006 — Балыкчы шаардык прокуратурасында ага тергөөчү;
- 2006 – 2007 — Ысык-Ата райондук прокуратурасында ага тергөөчү;
- 2007 – 2009 — Кемин райондук прокуратурасында тергөө маселелери боюнча прокурордун орун басары;
- 2009 – 2014 — УКМК, Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматында органдарды тергөө боюнча көзөмөл бөлүмүнүн прокурору, коррупцияга каршы башкармалыктын прокурору;
- 2015 – 2018 — "Кумтөр Голд Компани" ишканасында келишим менен иштеген юрист-жактоочу;
- 2017 – 2020 — КРдин шахмат федерациясынын вице-президенти;
- 2020-жыл, октябрь – Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финпол) төрагасы.