Сооронбай Жээнбеков аткарылбай калган кыялын айтты

16 октября 2020 Сооронбай Жээнбеков аткарылбай калган кыялын айтты

Ар бир президенттин чоң кыялы, максаты болот экен. Менин амбициялуу максатым — Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору эле. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшыргандыгын расмий жарыялап жаткан учурунда билдирди.

Ал баса белгилегендей, бул долбоор боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болуп, саясий чечим кабыл алынган.

"Эксперттер ишке киришип, маселе ордунан жылган. Билесиздер, бул долбоор Кыргызстандын келечеги үчүн аба менен суудай зарыл. Бийликке келе жаткан азаматтарга ушул ишти улантуу аманатын калтырып кетип жатам. Кудайдын колдоосу менен бул долбоордун ишке ашуусун тилейм. Албетте, бүтпөй калган иштер калды. Буга ичим ачышпай койбойт. Аткарылчу дагы милдеттер көп эле. Ушул курак, ушул кызматка жеткенге чейинки топтогон тажрыйбамды мындан ары да элим үчүн колдон келишинче жумшайм", — деген Жээнбеков.

sputnik