Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды

16 октября 2020 Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды

Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун досу Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды. Маалыматты премьер-министрдин маалымат катчысы Дастан Дүйшекеев тастыктады.

Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгону айтылат.

Элдик толкундоолордон кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев иштен кеткен. Андан бери бул кызмат бош турган болчу.

Камчыбек Ташиев өзгөчө кырдаалдар министри, 2010-2013-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ал эми быйылкы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясын жетектеп катышкан.

sputnik