Исаев: Жээнбеков Кыргызстанда калат

16 октября 2020 Исаев: Жээнбеков Кыргызстанда калат

Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Сооронбай Жээнбеков өлкөдө каларын билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн парламент кезексиз жыйынга чогулуп, кызматтан кетерин жар салган Сооронбай Жээнбековдун арызын кабыл алышты. Төрагадан Жээнбековго экс-президент макамы ыйгарылар-ыйгарылбасын сурашты.

"Жээнбековдо экс-президент макамы болуусу керек. Эгер ал соттолбосо, кылмыш иштерине аралашпаса, анда экс-президент макамы бекитилет", — деп жооп берди төрага.

Ошондой эле Жээнбеков өлкөдө калабы деген да суроо узатылды.

"Ооба, ал өлкөдө калат. Кыйын кырдаалда өлкөнү таштап кеткен жок, демек, мындан ары да өлкөдө болот", — деди төрага.

Эске сала кетсек, Жээнбековдун отставкасынан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы өлкө башчысынын милдетин аткаруудан баш тарткан, ага ылайык, президенттин милдетин аткаруу премьер-министр Садыр Жапаровго жүктөлгөн.

sputnik