Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы

16 октября 2020 Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет агенттиги күздүн акыркы айы, ноябрга карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градустан төмөн болуп, Кемин өрөөнүндө 0…-2 градус суук болушу күтүлөт.

Бир айдын ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4 градус сууктан 7ге чейин жетет. Күндүз 5…10 градустан 13…18 градуска чейин жылуу болушу божомолдонууда. Айрым күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -3…-8 градуска чейин төмөндөп, суук жүрүшү ыктымал.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градуска, кээ бир түндөрү -7…-12 градус суукка чейин жетип, күндүз -3 градус суук болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу айтылды.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градус төмөн болуп, 0…2 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ноябрь айы бою абанын температурасы түнкүсүн -1…-6 градус, күндүз 4…9 градустан 12…17 градуска чейин жылышы ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 5…7 градус жылуу болушу күтүлүүдө. Тоо этектеринде температура төмөндөп, 2…4 градуска чейин жылыйт.

Бир айдын ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 градуска чейин суук болсо, күндүз 5…10 градустан 14…19 градуска чейин жылыйт.

Тоо этектериндеги райондордо ноябрда абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан 1…6 градуска чейин өзгөрүп турушу ыктымал. Түнкүсүн кээде абанын температурасы -3…-8 градуска төмөндөп, суук жүрүшү божомолдонду.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу мүмкүн.

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 5…7 градус жылуу болушу ыктымал. Тоо этектериндеги райондордо нормадан 1…1,5 градус төмөн болсо, Токтогул районунда 3…5 градус жылуу болот.

Ноябрда абанын температурасы түнкүсүн -3... 2 градуска жетет.

Күндүз болсо 5…10 градустан 14…19 градусту көрсөтүп, аба ырайы өзгөрүп турат.

Тоо этектериндеги райондордо айрым учурларда түнкүсүн -3…-8 градуска чейин суук болушу божомолдонду. Токтогулда түнкүсүн -4...1 градус болсо, күндүз 13 градуска чейин жылышы мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо жана Токтогул районунда нормадан аз болушу ыктымал.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болот. Күндүз 5…7 градус, тоо этектеринде 4…6 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Ноябрь айында абанын температурасы түнкүсүн -3 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу болсо, күндүз 14…19 градуска чейин жетет.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу күтүлүүдө.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градустан төмөн болуп, чыгышында 0…-2 градуска чейин суук болушу ыктымал.

Бир айда абанын температурасы өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү түнкүсүн -6…-11 градус суук, күндүз -3 градус сууктан 2 градуска чейин жылышы ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан көп болушу ыктымал.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3 градус суук болот.

Бир ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -5…-10 градус сууктан кээ бир түндөрү -10…-15 градус суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -2 градустан 4…9 градуска чейин көтөрүлүп турушу ыктымал.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот деп божомолдонууда.

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -6…-8 градус суук болушу күтүлөт.

Ноябрда абанын температурасы түнкүсүн -6…-11 градустан -12…-17 градуска чейин төмөндөсө, кээ бир түндөрү -20…-25 градуска чейин муздак болот. Күндүз -3...3 градуска чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан көп болот деп айтылды.

Суусамыр өрөөнү

Бул жакта абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -6…-8 градус суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7 градус сууктан -10…-15 градуска чейин суук болушу ыктымал. Кээ бир түндөрү -17…-22 градуска чейин төмөндөйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу мүмкүн.

sputnik