Отставкага кеткен Жээнбековдун жума намазга барган видеосу жарыяланды

16 октября 2020 Отставкага кеткен Жээнбековдун жума намазга барган видеосу жарыяланды

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн расмий түрдө кызматын тапшырып бергенден кийин жума намазга барды. Анын мечиттен чыгып бараткан видеосун окурман жиберди.

Видео

Кадрдан экс-президенттин жанында Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаевдин жүргөнүн көрүүгө болот. Жээнбеков жан сакчылардын коштоосунда чыгып унаасына отуруп кеткен.

Жээнбеков борбор калаанын Жал кичи районундагы мечитке барган.

sputnik