Индира Куралбекова парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси болду

16 октября 2020 Индира Куралбекова парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси болду

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси болуп Индира Куралбекова дайындалды. Аталган кабарды өзү тастыктады.

Тиешелүү буйрукка ЖКнын төрагасы Канат Исаев бүгүн кол койгон.

Парламенттин маалымат кызматынын буга чейинки жетекчиси Ибраим Нуракун уулу 14-октябрда өз ыктыяры менен арыз жазып кызматын тапшырган.

sputnik