Жээнбеков кетеринде 4 жетекчиге генералдык наам ыйгарды. Тизме

16 октября 2020 Жээнбеков кетеринде 4 жетекчиге генералдык наам ыйгарды. Тизме

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетеринде күч органдарында жетекчилик кызматтарда жүргөн төрт кызматкерге генералдык наам ыйгарды.

ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен министрдин орун басарлары Алмаз Орозалиев менен Мирлан Каниметов генерал болушту.

Ал эми УКМКнын маалымат кызматы төраганын биринчи орун басары Талантбек Салиев генерал-майор наамына ээ болгонун билдирди.

Ошондой эле милициянын генерал-майору наамы Ош ОИИБинин жетекчиси Малик Нурдиновго ыйгарылды.

Маалыматка караганда, бул Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган кездеги акыркы жарлыктары.

Сооронбай Жээнбеков өзү бүгүн, 16-октябрда, парламентке келип кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматынан кетти.

sputnik