Жапаровду президенттин милдетин аткаруучу деп атаса болобу? Текебаевдин жообу

16 октября 2020 Жапаровду президенттин милдетин аткаруучу деп атаса болобу? Текебаевдин жообу

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынын Садыр Жапаровдун президенттик инаугурациясы деп билсек болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди.

Журналист эл өкүлүнө "премьер-министр Садыр Жапаров өлкө башчынын милдетин арткарууга расмий түрдө киришүүсү үчүн дагы кандай процедуралар керек?" деген суроо берди.

"Мындай учурда кошумча процедуралар каралган эмес экен, бул мыйзамдын кемчилиги. Демек президенттин отставкага расмий түрдө кетиши, парламент төрагасынын өз укугунан баш тартышы Садыр Жапаровду автоматтык түрдө президенттин милдетин аткаруучу кылат. Бүгүнкү парламент жыйынын анын инаугурациясы деп билсек болот", — деди Текебаев.

sputnik