Касымалиева: Жээнбеков кара пиардын курмандыгы болуп калды

16 октября 2020 Касымалиева: Жээнбеков кара пиардын курмандыгы болуп калды

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Аида Касымалиева Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетиши боюнча пикирин билдирди.

Касымалиеванын айтымында, өлкө башчы кара пиардын курмандыгы болуп калды.

"Эл сизди эмитеден эле сагына баштады. Кадырыңыз калың журттун жүрөгүндө экен. Атайлап жасалган кара пиар сизге жукпаптыр. Мындай кадам чындап эле эл-жерин сүйгөн адамдын гана колунан келет. Мүмкүн сиздин душмандар бүгүн кубанып, эртең кайгырар. Аны мезгил өз ордуна коет. Айкөлдүгүңүздү, чыдамкайлыгыңызды, мамлекеттин кишиси экениңизди баса белгилегим келет. Сиз элдин чыныгы даанышманы болдуңуз. Адамдык сапатыңыз бийик экенине калың эл баа берип турат", — деди Касымалиева.

sputnik