Шайлдабекова: президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрсө болот

16 октября 2020 Шайлдабекова: президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрсө болот

Президенттик жана парламенттик шайлоону бир өткөрүүгө мыйзам жол берет. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, Конституция боюнча парламенттик шайлоо эки айдын ичинде, президенттик үч айдын аралыгында өткөрүлүшү шарт.

"Парламенттик шайлоону БШК дайындайт, ал эми президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш бекитет. Эки субъект кеңешип көрүп чечим кабыл алышы керек", — деди Шайлдабекова.

Ошондой эле ал президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров шайлоого катыша албай турганын кошумчалады.

sputnik