Садыр Жапаров депутаттардын санын кыскартууну сунуштады

16 октября 2020 Садыр Жапаров депутаттардын санын кыскартууну сунуштады

Шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартуу туура деп ойлойм. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, шайлоо босогосун буга чейин сунушталгандай үч пайызга чейин түшүрүү өтө эле төмөн болуп калат.

"Бир мандаттуу шайлоону азырынча туура эмес көрдүм. Анткени мыйзам боюнча парламенттик шайлоо партиялык система менен өтүшү керек экен. Түндө мыйзамдын баарын карап чыктым. Эгерде биз партиялык система боюнча шайлоону өткөрбөй конституциялык реформага барабыз десек, мыйзам талаасынан бир аз четтеп кетчүдөйбүз. Шайлоо босогосун үч пайызга чейин түшүрөлү деген сунуштар болуп жатат. Аны өзүңүздөр чечиңиздер, бирок үч пайыз өтө эле ылдый болуп калат деп ойлойм. Менимче, беш пайызга түшүргөн туура. Бул менин жеке оюм, эч кимге таңуулабайм. Мындан сырткары, 5 миллион сомдук күрөөнү бир миллионго чейин түшүрсөңүздөр деген сунушум бар. Ошондой эле депутаттардын санын 120 эмес, 70 же 90го кыскартып коюп, анан парламенттик шайлоону өткөрүп алсак. Андан кийин жаңы парламент конституциялык реформага барса туура болот экен. Бул менин жеке оюм", — деди Жапаров.

Өкмөт башчы бардыгы мыйзам чегинде болорун белгилеп кетти.

"Бүгүнкү күнгө чейин мыйзам талаасынан чыкпайлы, мыйзамдуу жол менен кетели деп келе жатабыз. Ошол жол менен кетебиз. Мыйзамдын рамкасынан эч качан сыртка чыкпайбыз. Президенттик шайлоо да болуш керек, буюрса болот. Ал тема боюнча жакын арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аркы жумада күнүн белгилейбиз. Мыйзам боюнча, 10-январдан ары карай өтпөшү керек экен", — деди Жапаров.

Ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны болуп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн Сооронбай Жээнбеков парламентке келип кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматынан кетти.

Мыйзам боюнча, анын милдети Жогорку Кеңештин төрагасына жүктөлөт. Бирок спикер Канат Исаев бул милдеттен баш тартканын жар салды.

Жыйынтыгында президенттин ыйгарым укуктары премьер-министр Садыр Жапаровго жүктөлдү.

sputnik