Текебаев: өлкө башчынын милдетин аткарган премьер президенттик шайлоого катыша албайт

16 октября 2020 Текебаев: өлкө башчынын милдетин аткарган премьер президенттик шайлоого катыша албайт

Мамлекет башчынын милдетин аткарган премьер-министр алдыдагы президенттик шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу депутат Өмүрбек Текебаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Мамлекет башчынын милдетин аткарган премьер-министр алдыдагы президенттик шайлоого катыша албайт. Бул адилеттүү чектөө. Анткени эч ким өз макамынан пайдаланып кетпесин деген чектөө Баш мыйзамда так жазылган. Ошондой эле өкмөт башчынын жакын досу, партиялашы (Камчыбек Ташиев — ред.) президенттик шайлоого катышса, анын адилеттүү болгонуна эл ишенеби?" — деди депутат.

Ошондуктан ал Садыр Жапаровго "анын жакын чөйрөсүндөгүлөр президенттик шайлоого катышпаса, Кыргызстандын өнүгүшүнө жакшы шарттар түзүлөрүн" кошумчалады.

Ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны болуп жатат. Анда президенттин отставкасы, алдыдагы шайлоолор тууралуу маселелер каралууда.

sputnik