Текебаев президент менен депутаттарды бир күндө шайлоону сунуштады

16 октября 2020 Текебаев президент менен депутаттарды бир күндө шайлоону сунуштады

Кайрадан мандатка ээ болгон депутат Өмүрбек Текебаев алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрүүнү сунуштады. Ал мындай пикирин "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Президенттик шайлоону үч айдын ичинде, парламенттик шайлоолорду 60 күндүн ичинде өткөрүү керек. Мен экөөнү бир күндө өткөрүүнү сунуштайм. Буга мыйзам жол берет. Мында биз акча каражатын гана үнөмдөп калбастан, саясий стабилдүүлүктү да тез орнотууга жетишебиз", — деди Текебаев.

Бүгүн парламент президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кабыл алды.

sputnik