Тажикстандагы кырдаал жөнүндө
Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 3-ноябрда орусиялык аскердик базанын жанында жардырууга даярдык жөнүндө маалыматты четке какты. Бул тууралуу буга чейин айрым ЖМКлар билдиришкен; сөз орусияда тыюу салынган ислам мамлекети тобунун ишине катыштыгы бар шектүүлөрдүн Тажикстанда кармалгандыгы жөнүндө жүрүп жатат. Алар орусиялык аскердик объектиде жардыруу жасоого даярдык жүрүп жаткандыгын мойнуна алышкан. Күч түзүмдөрүндөгү ТАСС агенттигинин булагы Тажикстандагы орусиялык аскердик объектини кайтаруу күчөтүлгөнүн билдирген. Азаттык радиосунун тажик кызматына таянуу менен “Интерфакс” орусиялык 201-орусиялык аскердик базаны жардырууну пландап жаткан Ислам мамлекетинин эки согушкери кармалганын билдирди. Ушул маалыматтар боюнча, террористтердин тобу 12 икшиден турган; банданын башчыларынын бири Түркия аркылуу Сирияга барып, ал жакта өкмөттүк аскерлерге каршы согушкан. Сириядан Тажикстанга кайтып келип, ушул маалыматтарга ылайык, ал орусиялык аскердик базанын көзөмөл-өткөрмө жайында жардыруу жасоону пландаштырган.
Түркияда террористтерди азгыруучу борборлор жана которуп жөнөтүүчү базасы чын эле бар. 2015-жылы июлда түрк атайын кызматы, мисалы, Азербайжандан чыккан Абдулла Абдуллаевдин бандасын жок кылышкан, ал Түркияда европадан жана Борбор Азиядан барган согушкерлер үчүн которуп жөнөтүү базасын түзгөн. Согушкерлерди Иракка жана Сирияга жөнөтүп турган. Азербайжандык жаран азгырган жарандар үчүн ондогон батирлерди ижарага алып, азгырууну катуу коммерциялык негизде тургузган. Полициянын атайын операциясынын жүрүшүндө 36 киши кармалган.
2017-жылдын жазында Түркиянын Конья шаарында Ислам мамлекетинин жана Күрдстандын Жумушчу партиясынын жыйырмадан ашык согушкерин кармашкан. 2018-жылдын 10-февралында Түркияда Ислам мамлекетинин эки ири террористтик ячейкасы: 17 кишиден турган Анкарадагы ячейка, 30 кишиден турган Стамбулдагы ячейка жок кылынган. Алардын баары Түркияга чет өлкөдөн баргандар. 2018-жылдын августунда Түркиянын укук коргоо органдары Стамбулда 38 чет элдик жаранды кармашкан, аларга ИМ менен байланышы бар жана жардырууларды даярдады деп айып тагылган. Башкача айтканда, тизме жетишээрлик чоң.
Эгер Сириядагы ИМ боюнча чечүүчү сокку жасалганга чейин согушкерлердин транзити негизинен Борбордук Азиядан Жакынкы Чыгышка карай болсо, азыр тескери багыттагы транзитти – Жакынкы Чыгыштан Ооганстанга жана Борбордук Азияга карай жолго салуу аракети көрүлүп жатат. эгер Ооганстандан согушкерлерди Тоолуу Бадахшан аркылуу өткөрүү үчүн жашыруун жолдор тажик аскерлери тарабынан жабылган болсо, сирия-түрк чек арасы аркылуу жана андан ары Борбордук Азиянын республикаларына террористтердин кирүү мүмкүнчүлүгү азыркы күнгө чейин сакталууда.
9-ноябрда Нидерландынын Чалгындоонун жана коопсуздуктун жалпы кызматы өзүнүн сайтына The legacy of Syria деген доклад жарыялады: “Сириянын мурасы: Глобалдуу жихад Европага коркунуч бойдон калууда” (global jihadism remains a threat to Europe). Докладда ИМнин жана “Аль-Каиданын” согушкерлери Түркиянын аймагын стратегиялык операциялык база катары колдонот, ал жак алар согуштан кийин эс алып, күчүн кабылына келтирип, террористтик согушту улантуу үчүн жаңы согушкерлерди азгыруучу жай деп айтылат.
Докладды түзүүчүлөрдүн пикиринде, Анкара менен “европалык артыкчылыктарынын” терроризм менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарынын дал келиши Түркияны “чет элдик согушкерлердин мурун болуп көрбөгөн саны үчүн транзиттик борбор” кылып алышты. Түрк бийлиги ИМга каршы күрөшүп жатса деле, галандиянын атайын кызматынын пикири боюнча, алар үчүн маанилүү болуп Күрдстандын жумушчу партиясынын каршы туруусу гана калууда. Бул жихадчылар үчүн “иштеп жана эркин жылып жүрүүсү үчүн жетиштүү мейкиндик” берет.
“Эркин жылып жүрүү” бар болгон жерде согушкерлердин Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арасынан кесип өтүү мүмкүнчүлүгү да пайда болот. Көпчүлүк учурларда алар жергиликтүү атайын кызматтар тарабынан кармалып, жок кылынат, бирок исламчылардын “сарафандык радиосу” ички бейинчи колоннаны беймаза кылып, рефолюциялык жихаддын тарапташтарын зомбулук көрсөтүүгө түртөт. Мисалы, 8-ноябрга караган түнү Тажик телеграфтык агенттиги (ТажикТА) билдиргендей, Согди областынын Кожент шаарында катуу режимдеги № 3 колонияда кармалган соттолгондор тарабынан козголоң чыккан. Козголоңду басуу учурунда 25 киши, алардын арасында эки кайтаруучу каза болгон. “РИА Новостинин” маалыматы боюнча ИМнин катарында согушкан соттолгондордун бири кайтаруучуга кол салып, анын автоматын тартып алган. Ага колониянын корпустарынын бирин басып алууга жетишкен башка камалгандар кошулуп кетишкен. Областтык ички иштер башкармалыгынын атайын дайындыктагы бөлүгү козголоңду баскан, Тажикстандын Согди областынын укук коргоо органдары кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өткөрүлгөн. Өзгөчө Кожентке кирген жана чыккан жолдор кылдат текшерилүүдө.
Согди областындагы көтөрүлүштүн демилгечилери жана уюштуруучулары жөнүндө маалымат тарап кетти. Областтын Коомдук юридикалык кеңешинин мүчөсү Анвар Тураев билдиргендей, 16-ноябрда болуп өткөн Рогун ГЭСинин салтанаттуу ишке киргизилишин үзгүлтүккө учуратууну каалаган Тажикстандын улуттук альянсы (азыр – Ислам кайра жаралуу партиясы) деп аталган уюмдун колониядагы мүчөлөрү башаламандыкты уюштурууга катышкан.
Азыркы учурда тажик күч түзүмдөрү республикадагы кырдаалды контролдоп жатышат, бирок Жакынкы Чыгышта согушкерлерди даярдоо борборлорунун жана алардын Борбор Азияга транзитинин жолдорунун болушу террористтердин жана экстремисттердин уктап жаткан ячейкаларын өз убагында жок кылууну кыйла татаалдантат.