Сооронбай Жээнбеков парламентке келип, кайрылуу жасап, расмий түрдө президенттик кызматынан кетти.
Мурдагы мамлекет башчы депутаттардын алдына чыгып сөз сүйлөдү.
"Президенттик кызматка шайланганыма кечээ үч жыл болду. Кудайдын буйругу экен, элдин колдоосуна таянып, мамлекеттик бийликтин бардык бутактары менен биргеликте ички жана тышкы саясатта бир топ иштерди аткардык. 2017-жылы президенттикке аттанганда берген негизги убадаларымды аткаруу — ушул үч жылдык эмгегимдин өзөгүн түздү", — деди Жээнбеков.
Ал кебинин аягында ага ишеним көрсөтүп келген мекендештерине, чогуу иштешкен бардык бийлик бутактарына, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга, аппаратына, жарандык коомго жана медиа тармагына терең ыраазычылыгын билдирди.
Эске салсак, кечээ, 15-октябрда, Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү боюнча арызын жазган. Ал эми бүгүн парламент арызды кароо үчүн чогулду.