Вирустар толуп калат. Кеңседеги эң кооптуу буюм аталды

16 октября 2020 Вирустар толуп калат. Кеңседеги эң кооптуу буюм аталды

Компьютердин клавиатурасына микробдор толо бергендиктен, ал кеңседе вирус таратуучу эң кооптуу буюм болуп эсептелет. Бул тууралуу россиялык инфекционист Ирина Шилкина кабарлаганын "Известия" басылмасы жазып чыкты.

"Компьютердин клавиатурасы — бул оору жайылтуучу буюм. Айрыкча, кеңседе өтө кооптуу. Себеби аны тазалоо кыйын. Мындан улам клавиатуранын кнопкаларында бактерия, вирус, коронавирус дагы топтоло берет", — деди Шилкина.

Анын айтымында, компьютерге отурардан мурда жана иштеп бүткөндөн кийин колду таза жууш керек. Антпесе абада калкып жүргөн вирустар клавиатурага түшө берет.

Шилкина колду жөн эле жууп койбостон бир жарым мүнөткө чейин өз эрежеси менен жууп-тазалоо керектигин белгилеп өткөн.

sputnik