Президенттин милдети мага өттү! Садыр Жапаровдун эски аянттагы видеосу

15 октября 2020 Президенттин милдети мага өттү! Садыр Жапаровдун эски аянттагы видеосу

Өкмөт башчы Садыр Жапаров эски аянттагы митингчилердин алдына чыгып, президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруу өзүнө өткөнүн жар салды.

Ал Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын да билдирген.

Видео

"Урматтуу бир туугандар, бүгүн чыныгы жеңишке жеттиңиздер. Бардыгы ордуна келди. Президент Сооронбай Жээнбеков арызын жазып кызматтан кетти. Ал эми спикер Канат Исаев "анын милдетин аткаруу мүмкүн эмес экен" деп арыз жазып берди. Бүгүн президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруу милдети мага өттү. Эми мен силердин ишеничиңерди толугу менен аткарганга ушул сааттан баштап киришем", — деди Жапаров.

Эскерте кетсек, бүгүн, 15-октябрь күнү, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков отставкага кете турганын билдирип, кайрылуу жасаган.

Мыйзам боюнча анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Эгер андай мүмкүнчүлүгү жок болсо, милдетти аркалоо премьер-министрге жүктөлөт.

sputnik