Жээнбеков отставкага кетти, эми өлкөнү ким башкарат? Баш мыйзамдагы жобо

15 октября 2020 Жээнбеков отставкага кетти, эми өлкөнү ким башкарат? Баш мыйзамдагы жобо

Эгер Кыргызстандын президенти мөөнөтүнөн мурда отставкага кетип калса, жаңы мамлекет башчы шайланганга чейин анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарып турат. Мындай жобо КР Конституциясында жазылган.

Баш мыйзамдын тиешелүү беренелери менен тааныштырабыз.

ЖК спикеринин президенттин милдетин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда мамлекет башчынын укуктары премьер-министрге өтөт.

Ошону менен катар президенттин милдетин аткарып жаткан кызматкер Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындоого, өкмөттү отставкага кетирүүгө, президенттик шайлоого талапкер катары катышууга акысы жок.

Бүгүн, 15-сентябрда, Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүү чечимин кабыл алганын жар салды. Учурда Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев, аны бул орунга эки күн мурда эле шайлашкан.

Ал ортодо Жээнбековдун отставкасын талап кылган митингчилер эми парламентти таркатуу керектигин айтышууда.

sputnik