УКМК президент Жээнбековдун сүйлөшүүсү делген аудио боюнча үн катты

15 октября 2020 УКМК президент Жээнбековдун сүйлөшүүсү делген аудио боюнча үн катты

Президент Сооронбай Жээнбековдун белгисиз бир адам менен сүйлөшкөнү тууралуу социалдык тармакта тараган аудиожазуу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирүү таратты.

УКМК аталган аудиожазмага жана анын тарашына эч кандай тиешеси жок экенин айтууда.

"Учурда УКМК аталган материалды жасоого жана аны жайылтууга тиешеси бар адамдарды аныктап тактоо боюнча иш жүргүзүүдө", — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ социалдык тармакта Сооронбай Жээнбековго үнү окшош адам менен белгисиз жарандын телефондон сүйлөшкөнү делген аудио тараган.

sputnik