Экс-президенттен кол тийбестикти алуу аракети

28 ноября 2018 Экс-президенттен кол тийбестикти алуу аракети

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети өлкөнүн экс-президентин кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Экс-президентти кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча быйыл жаздан бери көтөрүлүп келген демилге бышып, ага байланышкан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде каралды. Комитет "Президенттин ишмердигинин кепилдиги жөнүндө» мыйзамга киргизген өзгөртүүлөрдү жактырды.

Долбоорду иштеп чыккан депутаттык топтун мүчөсү Исхак Масалиев бул демилгенин жалгыз максаты - азыркы мыйзам талаптарын Баш мыйзамга шайкеш келтирүү экенин билдирди:

- Эң негизгиси - биз 12-беренени жокко чыгарып жатабыз. 2011-жылы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке 12-беренени алып салуу боюнча мыйзам долбоорун жиберген болчу. Кийин 2014-жылы Адилет министрлиги ушундай долбоорду бизге жөнөтүп, бирок бизге жетпей өкмөттө калып кеткен. Ошондуктан бул жаңылык эмес, бул мурунку адамдар өздөрү сунуш кылган долбоор. Азыр биз Конституцияга дал келтирүү үчүн сунуш киргизип жатабыз, - деди Масалиев.

Мыйзам долбоорунун демилгечилердин бири, депутат Курманкул Зулушев 12-беренени алып салууну мындайча негиздеди:

- Ал мамлекеттин өнүгүшүнө олуттуу залал тийгизген адам расмий бийлик укуктарын өз кызыкчылыгына колдонуу коркунучун жокко чыгаруу максатын көздөйт. Ошондой эле коррупциялык кылмыштарды кылган адам жазадан кутула албай турганын камсыз кылуу максатында тиешелүү өзгөртүү сунушталып жатат.

Мындан сырткары, президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү менен ден соолугун мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу, акысыз медициналык тейлөө нормаларын алып салуу тууралуу сунуштар бар. Экс-президентке карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө кирсе ушул беренедеги бардык кепилдиктер токтотулат. Мыйзамдын 18-беренеси күчүн жоготту деп таануу сунушталып, ар-намысын коргоо экс-президенттин өзүнө жүктөлөт.

Негизи экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу маселе Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо боюнча депутаттык комиссиянын тыянагы жарыяланганда көтөрүлгөн эле. Анда парламент кабыл алган токтомдо мурдагы президенттен мындай артыкчылыкты алып салуу боюнча мыйзам иштеп чыгуу каралган болчу.

 

Булак, azattyk.org, фото -azattyk.kg